
Жыл сайын Кыргызстанда төрөлгөн балдардын саны азайып бара жатат. 2025-жылга чейин өлкө жылына 150 миңге чейин төрөттү каттап келсе, акыркы жылдары төрөлгөндөрдүн саны 20-30 миңге азайып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.
Бул сандардын артында эмне турат жана демографиялык өзгөрүүлөр өлкөнүн келечегине кандай таасир этиши мүмкүн, көз чаптырабыз.
Улуттук статистика комитети 2000-жылдан берки төрөт боюнча маалыматтарды келтирет. 2000-жылы 96 миң 770тен 2000-жылдардын ортосунда 109-120 миңге чейин акырындык менен төрөлүүлөрдүн саны өскөн. Өсүү 2007-2013-жылдары да уланып, жыл сайын 123 миңден 155 миңге чейин бала төрөлгөн.
Төрөттүн эң жогорку чеги 2018-2019-жылдарга туура келген, анда жыл сайын 171–173 миңден ашык бала төрөлгөн. Андан кийин төмөндөө байкалууда: 2020-2025-жылдары төрөлгөндөрдүн саны 158 миң 112ден 140 миң 504 балага чейин кыскарган.
Республикалык адамдын репродукциясы борборунун акушер-гинекологу Айнура Кушубекова билдиргендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 140 миң 504 бала төрөлгөн. 2019-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн кийин акырындык менен төмөндөө тенденциясы байкалууда.
«Мурунку 5 жылдык мезгилде төрөттүн жогорку деңгээли 2014-2015-жылдары байкалган — жылына 160-163 миңге жакын бала. Эң жогорку чек 2019-жылы катталган — 173,5 миң ымыркай жаңы төрөлгөн. 2020-2025-жылдары акырындык менен төмөндөө башталды: 2024-жылга карата төрөттүн саны 140,4 миңге, ал эми 2025-жылы — 140,5 миңге чейин төмөндөдү.
Ошентип, 6 жылдын ичинде (2019-жылдан 2025-жылга чейин) жалпы төрөт болжол менен 35 миң адамга кыскарды, бул орточо эсеп менен жылына 5-6 миңди түзөт, ал эми жыл сайын 20-30 миңден кем эмес», - деди Кушубекова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева өз сөзүндө өлкөнүн түштүгүндө төрөлүү азыраак төмөндөгөнүн, ал эми түндүк аймактарда бул көрүнүш көбүрөөк байкалып жатканын белгиледи. Дарыгер Айнура Кушубекова айылдарда төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга 3,4 баланы түзсө, шаарларда бул көрсөткүч бир кыйла төмөн, болжол менен 2,7-2,9 экенин билдирди.
«Айыл жерлеринде көп балалуу болуу салты үстөмдүк кылат, ал эми шаардык үй-бүлөлөр көбүнчө каржылык туруктуулукка жана балдардын сапаттуу билим алуусуна басым жасашат, бул төрөлүүлөрдүн азайышына алып келет. Төрөттүн эң байкалаарлык төмөндөшү өлкөнүн түндүгүндө (Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустары) байкалууда. Бишкекте шаар калкынын үлүшү жогору жана балдардын төрөлүшүнүн курагынын кеч болушунан улам табигый өсүштүн эң төмөн темптери катталууда.
Салыштыруу үчүн, түштүк аймактарда (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары) төрөлүү туруктуу жогору бойдон калууда жана олуттуу төмөндөөнү көрсөтпөйт. Калктын 1000 адамына эң жогорку төрөлүү көрсөткүчтөрү Баткен облусунда катталган», - деп билдирди ал.