
.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Ташкент шаарындагы аэропортто умра сапарына чыга албай калган 104 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маселе Ажылык жана умра сапарларын уюштуруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул жыйынында каралды. Жыйынга Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери да катышты.
Жыйында зыяратчыларды ташуу боюнча кызмат көрсөткөн «Нур Умра Трэвел» компаниясынын ишмердүүлүгү да талкууланып, жетекчиси Мирзат Кошоевадан түшүндүрмө алынды.
Комиссия компаниянын жетекчилигине Ташкентте калган зыяратчылардын көйгөйүн тез арада чечип, аларды Кыргызстанга кайтаруу талабын койду. Ошондой эле муфтийдин орун басары Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте Ташкентке барып, зыяратчылар менен жолугары белгиленди. Компаниянын өкүлдөрүнө да жерине барып, жүргүнчүлөрдүн маселелерин чечүүгө катышуу тапшырылды.
Мындан тышкары, КМДБ «Нур Умра Трэвел» компаниясынан сертификат алган жарандарды кырдаал жөнгө салынганга чейин башка өлкөлөр аркылуу умра сапарына чыкпай турууга чакырды.
Муфтият зыяратчыларга Бишкек жана Ош шаарларынан Сауд Арабиясына түз аба каттамдары менен учууну сунуштады. Учурда SalamAir, Air Arabia жана Flyadeal авиакомпанияларынын каттамдары жеткиликтүү экени маалымдалды.
Эске салсак, 12-ноябрдан бери Ташкент аэропортунда умрага уча албай 104 кыргызстандык калган. Бул маселе буга чейин Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Бурул Аманованын маалыматына караганда, зыяратчылар сапардын акысын толук төлөп, кошумча 100 доллардан беришкен. Бирок туристтик компания алардан дагы 400 доллар талап кылган. Аэропортто калгандардын арасында пенсионерлер жана ден соолугу начар жарандар да бар.



