
..
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Гульзат Кубанычбекованын кызматка дайындалышына байланыштуу маселе көтөрдү. Анын айтымында, Кубанычбекова буга чейин кызматынан берене менен бошотулган, бирок кийин сот аркылуу кайра жумушуна калыбына келтирилген.
Бул тууралуу депутат 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында департаменттин санитардык-эпидемиологиялык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы ишмердүүлүгү каралды. Анда депутаттардын суроолоруна саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова, департаменттин директору Гульзат Кубанычбекова жана тиешелүү адистер жооп беришти.
Талиева өлкөдөгү тамак-аштан уулануу учурларынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Анын маалыматына караганда, 9 айда 229 уулануу учуру катталып, 616 адам жабыркаган. Мындай учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында болгон.
Депутат катталган статистикадан тышкары, коомдук тамактануучу жайларда жана тойлордо катталып, бирок расмий эсепке алынбай калган учурлар болушу мүмкүн экенин белгилеп, кафе-ресторандарга санитардык көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
Ошондой эле ал гепатит оорусунун жайылышы, лабораторияларды жаңылоо ишинин создугушу жана аймактардагы адистердин жетишсиздиги маселелерин көтөрдү.
Талиеванын айтымында, департаментте 951 штаттык бирдик каралганы менен, учурда анын 744ү гана толтурулган. Мындан тышкары, алыскы райондордогу лабораторияларда реагенттер жетишсиз экенин белгиледи.
Лабораторияларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңылоо маселеси 2012-жылдан бери талкууланып келе жатканын айткан депутат бул багыттагы иштердин бир нече жолу токтоп калганын сынга алды.
Ал эми министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова Азия өнүктүрүү банкы лабораториялык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча өзүнчө долбоорду ишке ашырып жатканын билдирди. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытында комиссия түзүлүп, долбоорду изилдеген. Аны ишке ашырууга Triolab компаниясын тартуу пландалууда.
Кубанычбекованын кызматка дайындалышы боюнча суроого Ишенапысова соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин кайра жумушка алынганын түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, Гульзат Кубанычбекова департаменттин директору болуп 2026-жылдын июнь айында дайындалган.



