
Баткен облустук аскер комиссариатынын экинчи бөлүмүнүн башчысы акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-октябрында УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган кызматкердин Баткен районунун 2008-жылы туулган тургунунан акча талап кылган фактысын аныктаган.
Жабырлануучу аскердик кызматка чакырылып, ден соолугуна байланыштуу 21-октябрда мөөнөттүү аскердик кызматтан бошотулган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Акча алып жаткан учурда шектүү кармалган.
Анын жеке автоунаасын кароо учурунда Баткен облустук аскер комиссариатына тиешелүү документтер, аскерге чакырылуучулардын өздүк делолору, жабырлануучунун жеке документтери жана чакыруу пунктунда аскерге чакырылуучуларга берилүүгө тийиш болгон кургак тамак-аш топтомдору табылган.
Шектүү Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96–97-беренелерине ылайык, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.