
.
Каракол шаарында Ысык-Көлгө канализациялык агынды суулар төгүлүп жатат деген видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө көлгө тиричилик же өндүрүштүк саркынды суулар агызылып жатканы аныкталган жок. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү социалдык тармактарда тараган видеодон кийин жүргүзүлгөн.
Текшерүү учурунда Пристань конушунда заманбап балык чарбасын куруу иштери жүрүп жатканы аныкталган. Курулуш маалында жер казылып, пайда болгон чуңкурга жер астынан чыккан суу топтолгон. Аны курулуш аймагынан чыгаруу үчүн насостор аркылуу сордуруп, көлгө агызуу иштери жүргүзүлгөн.
Министрликке караштуу кызмат интернетте тараган видеодо көрсөтүлгөн жерден канализациялык же өндүрүштүк агынды суулар төгүлүп жатканы тууралуу маалымат тастыкталбаганын белгиледи.
Ошондой эле Пристань конушунда салынып жаткан балык чарбасы Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө жана балык чарбасын өнүктүрүүгө багытталганы маалымдалды.