
.
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Роза Айтматова 1937-жылы төрөлгөн. Ал Төрөкул Айтматовдун кызы, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы болгон.
Ал билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер наамына ээ болгон. Ошондой эле физика-математика илимдеринин кандидаты болгон.
Роза Айтматова илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүнөн тышкары өлкөнүн коомдук турмушуна да активдүү катышып келген.