
.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздардын 13 миң 782си жактырылды. Бул жалпы кайрылуулардын дээрлик 96,2 пайызын түзөт. Калган арыздар учурда тактоо жана толуктоо баскычында каралууда.
Кабыл алынган арыздардын басымдуу бөлүгү — 12 миң 205и (89%) — "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн. Ал эми 1 миң 577 арыз кагаз түрүндө тапшырылган.
Жөлөк пул үч жашка чейинки ар бир балага төлөнөт. Анын өлчөмү ай сайын 1200 сомду түзөт. Учурда арыздарды кабыл алуу уланууда.