
Чүй облусунда мектеп курула турган аймактагы топурактын сапаты лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Чүй облусу Васильевка айылында мектеп курула турган аймактагы топурактын абалын текшеришти.
Текшерүү учурунда жер участогунун ар кайсы жеринен топурак үлгүлөрү алынып, лабораториялык анализге жөнөтүлдү.
Жыйынтыктары топурактын курулушка ылайыктуулугун жана объекттин техникалык талаптарга шайкештигин аныктоого жардам берет.