
Бишкек–Каракол каттамында учуп бара жаткан учактын ичинде өзгөчө fashion-show өтүп, дизайнердин жаңы коллекциясы сунушталды.
Кыргызстанда биринчи жолу учактын ичинде мода көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу 27-апрелде Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө иш-чара Бишкек–Каракол багыты боюнча уча турган учакта уюштурулган. Көргөзмө учурунда моделдер салондун ичинде жүрүш жасап, дизайнер Айпери Обозованын автордук кийимдер коллекциясын тартуулашты.
Иш-чарага кесипкөй моделдерден тышкары белгилүү блогерлер жана артисттер дагы катышкан.
Долбоордун демилгечиси жана идеялык жетекчиси режиссёр, Маданияттын мыкты кызматкери Олеся Семикоз экени белгиленди.