
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Шаханов казак элинин улуу уулу, кыргыз элинин жакын досу жана көрүнүктүү коомдук ишмер болгонун белгиледи. Ал ошондой эле акындын кыргыз-казак достугун бекемдөөгө кошкон салымы өзгөчө экенин баса белгилеп, анын жаркын элеси эл эсинде түбөлүк сакталарына ишеним билдирди.