
Бишкек–Нарын–Торугарт жолудагы Боом капчыгайында 20–30-апрель аралыгында жол кыймылы маал-маалы менен токтотулат.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 16:00гө чейин унаалардын өтүүсү 15–20 мүнөт сайын убактылуу токтотулуп, андан кийин кайра ачылып турат. Бул иштер таш кулатуу жана коопсуздук чараларын көрүү максатында жүргүзүлүүдө.
Тиешелүү кызматтар айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландап алууга чакырат.