
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Нурзат Токтосунова Китеп күнүнө арналган Окуу декадасынын алкагында №1 мектеп-интернатка барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарада 9-класстын окуучулары үчүн адабий окуу уюштурулуп, алар чыгарма боюнча талкууга активдүү катышып, өз ой-пикирлерин бөлүшүштү.
Жолугушуунун максаты — жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттук адабиятты жайылтуу болду. Окуучулар суроолорду берип, кеңири жоопторду алышты.
Ошондой эле мектеп-интернаттын тарбиялануучулары экологиялык багыттагы демилгелери — гумусту кайра иштетүү жана көчөт өстүрүү иштериндеги жетишкендиктерин көрсөтүштү.
Иш-чара жаштардын маданий жана билим берүү багытындагы өнүгүүсүнө өбөлгө түздү.