
Ош шаарында «Бактылуу Балалык» долбоорунун экинчи этабынын алкагында «Үй-бүлө күнү» аттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чара ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы жана «Бактылуу Балалык» социалдык долбоору тарабынан өткөрүлдү.
Ага коомдук коопсуздук, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, баңгизаттарга каршы кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле Ош мэриясынын социалдык кызматкерлери катышты.