
Белгилеп кетсек, Кочкор районунда Курулуш министрлиги тарабынан Арабаев атындагы 500 орундуу жаңы мектеп имараты курулуп, учурда эмеректерди орнотуу иштери аяктоо алдында турат.
Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Имараттын жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат жана заманбап талаптарга жооп берген бардык шарттар менен камсыздалган.
Долбоорго ылайык, мектепте лабораториялар, китепкана, IT-кабинеттер, устаканалар жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, футбол жана волейбол үчүн жайкы спорт аянтчалары да курулат.
Белгилей кетсек, учурдагы мектепте орун жетишсиздигинен улам 1800 окуучу билим алууда. Жаңы имарат пайдаланууга берилгенден кийин бул маселе кыйла жеңилдеп, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.