
14–15-апрелде Бишкекте ССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” эл аралык студенттик театралдык фестивалы өтөт.
Фестивалга Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Орусия жана Азербайжандан студенттер катышат.
Иш-чараны Маданият министрлиги, Театр ишмерлер союзу жана Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУ уюштуруп, фестиваль быйыл 11-жолу өткөрүлүүдө.