
Өлкө аймагында акыркы суткада, 7-апрелде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттөрдү өчүрүүгө жалпы 19 күжүрмөн эсеп тартылган. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырат.