
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды кармады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ыкчам маалыматтардын жана кирүү-чыгуу каналдарындагы фильтрациялык иш-чаралардын негизинде А.Ф., Р.Ш. жана Н.Х. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалган.
Такталгандай, аталган жарандар радикалдуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү экени жана өз өлкөлөрүндө террористтик кылмыштар үчүн издөөдө жүргөнү аныкталган. Алар Кыргызстандын аймагында жаштарды өз катарына тартууну пландашкан.
Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.