
Баатыр энелерге төлөнүүчү кошумча акыны 5000 сомго чейин жогорулатуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгени депутаттар Марлен Маматалиев жана Камила Талиева сунуштоодо. Учурда бул төлөм 1000 сомду түзөт.
Документке ылайык, төлөмдү 5000 сомго жеткирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 1,6 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынат.
Мындан тышкары, долбоордо “социалдык жөлөк пул” түшүнүгүн “социалдык пенсия” деп өзгөртүү, ошондой эле аны башкаруу функцияларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Социалдык фондго өткөрүп берүү сунушталууда.
Учурда Кыргызстанда 110 миңден ашуун жаран социалдык жөлөк пул алат.