
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев өз сөзүндө экология, жашыл экономика жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багыттары өлкө үчүн артыкчылыктуу экенин белгиледи.
Ал эми Антье Граве Кыргызстанды бул багыттар боюнча “чемпион” катары баалап, өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар мындан ары да үзгүлтүксүз жолугушуп, өз ара пикир алмашып турууга макулдашты.