
Бишкекте өтө турган Азия чемпиондугуна Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы даяр
6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” спорттук комплексинде спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы толук даярдыкта катышат.
Жарышка Азиянын алдыңкы балбандары келип, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:
— 65 кг чейин — Гүлнур Таштанбекова;
— 53 кг чейин — Азиза Келдибекова;
— 72 кг чейин — Нурзат Нуртаева;
— 55 кг чейин — Арууке Кадырбек кызы;
— 68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова;
— 57 кг чейин — Танчолпон Кыбалбекова;
— 76 кг чейин — Айпери Медет кызы;
— 62 кг чейин — Дилназ Сазанова;
— 59 кг чейин — Сезим Жуманазарова.
Команданын башкы машыктыруучусу — Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу — Нурдин Донбаев.