
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда мыйзамсыз жер пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жерди уруксатсыз басып алуу жана мыйзамсыз пайдалануу фактысы ачыкка чыккан.
Атап айтканда, “Аврора-Тур” ЖЧКсынын жетекчиси — чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуу менен 3,58 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган. Белгиленгендей, ага расмий түрдө болгону 0,10 гектар жер гана бөлүнгөн.
Тергөө маалыматына караганда, мыйзамсыз ээлеп алынган аймакта тиешелүү уруксат кагаздары жок шагыл казуу жана майдаланган таш өндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада мамлекетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.
УКМК жарандарды жер мыйзамдарын сактоого чакырып, мыйзам бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.