
2026-жылдын 3-апрелинде Алматы шаарында Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Борбордун кеңешинин он сегизинчи жыйыны өттү. Жыйын казак тараптын төрагалыгы алдында уюштурулду.
Иш-чарага Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Борбордун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылга карата негизги багыттары сунушталды. Ошондой эле Борбор тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинде табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана Борбор Азия өлкөлөрүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Канатбек Чыныбаев өз сөзүндө Борбордун аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Ал эми Чингис Аринов бул түзүмдү тажрыйба алмашууга, күч-аракеттерди координациялоого жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзгөн натыйжалуу уюм катары баалады.
Жыйынтыгында Кеңеш Борбордун 2025-жылдагы отчетун жактырып, 2026-жылга карата иштин негизги багыттарын бекитти. Ошондой эле Борборго дайындоо үчүн сунушталган талапкерлер макулдашылды.
Кыргыз тарап Борбордун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана анын ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.