
Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, каргаша 27-мартта Ананьево жана Семеновка айылдарынын ортосунда болгон. Кырсыкка жалпы 11 адам кабылган.
Ооруканага жаткырылган үч адамдын экөө жандандыруу бөлүмүндө, бири ИВЛ аппаратына туташтырылган, абалы өтө оор деп бааланып жатат. 2 жаштагы наристе Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду. Ал эми эки адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.