
Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штаты аймагында болгон жардыруу көптөгөн адам өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, террорчулар тарабынан уюштурулган кол салуунун кесепетинен 23 адам каза болуп, дагы 108 адам оор жаракат алган.
Борно штатынын полициясы билдиргендей, учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана жардыруунун артында террордук топтор турганы болжолдонууда.
«Алдын ала тергөө көрсөткөндөй, кол салууну террорчулар жасаган. Тилекке каршы, 23 адам каза болду», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Учурда коопсуздук кызматтары аймакта көзөмөлдү күчөтүп, жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө.