
сүрөт интернет булактарынан колдонулду
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга сапарынын алдында дүйнөлүк күчтөр тууралуу пикирин билдирип, азыркы учурда АКШ менен Кытай глобалдык деңгээлде негизги ролду ойногон эки держава экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, аскердик мүмкүнчүлүк жагынан АКШ алдыда болуп, дүйнөдөгү эң күчтүү армияга ээ, ал эми Кытай бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат.
Маалым болгондой, Трамп 13–15-май күндөрү Пекинге расмий сапар менен барып, Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жана бир катар эл аралык маселелер талкууланышы күтүлүүдө.