
Талас облусунун Манас районунда Арал айылынан келген сууну М1 насостук станциясынын каналына багыттоо үчүн 1350 метр жаңы канал казылды.
Бул долбоор насостук станциянын электр энергиясын үнөмдөөгө шарт түзүп, 600 гектар сугат жердин суу менен камсыздалышын жакшыртат.
Каналдын курулушу Семетей айыл аймагынын бюджетинен каржыланып, иштерди райондук суу чарба башкармалыгы жүргүздү.