
2026-жылдын 7–8-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ысык-Көл облусу аймагында расмий мусулмандардын дин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага мурда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик агымынан баш тарткан 80ден ашуун жаран чакырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга дин кармануучулардын арасында ажырымга жол бербөө зарылдыгы, Ислам дининдеги салттуу ханафий масхабынын жана матуридий акыйдасынын нормаларын кармануунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарына баш ийүү керектиги белгиленди.