
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Момунов көчөсү 1 жана Номун көчөсүндөгү объектилерде асфальт-бетондон керн үлгүлөрүн алуу иштери жүргүзүлдү.
Керндерди алуу мобилдик лабораториянын жардамы менен жүргүзүлдү.
Керндерди алуу иштери асфальт-бетон каптоонун сапатын баалоо, анын физика-механикалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо, ошондой эле ченемдик документтерге жана белгиленген талаптарга ылайыктуулугун текшерүү максатында жүргүзүлдү.
Алынган үлгүлөр сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, тесттердин жыйынтыгына ылайык, аткарылган жол каптоонун сапаты тууралуу баа берилет.



