
.
Социалдык тармактарда балконуна бассейн жасап алган баланын видеосу кеңири тарады. Көп өтпөй ашыкча салмакты көтөрө албаган балкон сынып кеткени маалым болду.
Бул окуя интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк мындай кооптуу аракеттерди кайталабоого чакырышты. Ошондой эле балкондор чоң көлөмдөгү суунун салмагын көтөрүүгө ылайыкталбаганы белгиленди.
Бактыга жараша, окуядан оор жаракат алгандар болгон эмес.



