
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы мобилдик мультидиагностикалык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрге заманбап жабдуулар менен камсыздалган клиниканын иши жана калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл алыскы аймактардагы жарандар үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө бурулду.
Маалыматка ылайык, клиника ишин баштагандан бери 3950 бейтапка жардам көрсөтүп, 10 миңден ашык консультация өткөргөн. Ошондой эле офтальмологиялык жана башка хирургиялык операциялар жасалууда.