
Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты боюнча берилген доо арызын сот канааттандырды.

📌Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптары бузулган.
📌Соттук чечимдердин негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты боюнча талаптар толугу менен канааттандырылып, муниципалдык менчиктин укуктары корголду.
📌Бул чечимдер, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти мыйзамсыз менчиктештирүүгө жол бербөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.



