
Муфтияттын маалыматына ылайык, Кыргызстанда Рамазан айы 19-февралда башталган. Ыйык ай 29–30 күнгө созулат, быйыл орозо 19-март күнү толук аяктайт.
Орозо айт — мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири болуп эсептелет жана Рамазан айындагы орозонун аякташын билдирет. Бул күнү мусулмандар айт намазын окуп, тууган-урук, жакындары менен жолугуп, муктаж адамдарга жардам көрсөтүшөт.







