
.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылуулук берүү тартибине байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, борборлоштурулган жылуулук берүү абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болбогон учурда башталат.
28-октябрдан тарта шаарда жылуулук бериле баштайт. Бирок айрым шаар тургундары күн кайра жылый турганын айтып жатса, башкалары жылуулукту эртерээк берүүнү талап кылышууда.
Мэр акыркы беш күндө, анын ичинде эртең да, абанын орточо температурасы 6,5 градусту түзүп жатканын белгиледи.
«Ошондуктан жылуулук берүүнү баштайбыз. Жылыткычтай кылып, күн ысып кетсе өчүрүп-күйгүзбөйбүз», — деди Айбек Жунушалиев.