
.
Президент Садыр Жапаров судьяларды УКМК кызматкерлеринен коркпой, кылмыш иштерин калыс кароого чакырды. Бул тууралуу ал Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Курулуш айылынын тургуну жолдошу тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып, президентке кайрылган.
Аялдын айтымында, жолдошу эки жыл мурда алдамчылыкка шектелип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал тергөөчүлөр башка бир адамды күйөөсүнө каршы арыз жазууга мажбурлашканын айтып, жолдошуна кыйноо көрсөтүлгөнүн билдирген.
«Сабап, белин, кабыргасын сындырып, тырмактарынын алдына ийне сайышкан», — деди ал.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, айыпталуучу ишкерлердин маселелерин чечип берүүнү убада кылып, акча алган. Кылмыш иши сотко өткөрүлүп, ал учурда камакта отурат.
Арыз ээсинин сөзүн уккандан кийин президент судьяларга кайрылып, ишти эч кимдин таасирине алдырбай кароону тапшырды.
«Судьялар, ишти адилеттүү карагыла. Эч кимден коркпогула. Эгер ишти УКМК козгогон болсо, УКМКдан коркпогула. Силер көз карандысызсыңар», — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы аял айткан жагдайларды текшерүүнү тапшырды.







