
.
Президент Садыр Жапаров «Ош» базары 2027-жылдын март–апрель айларында көчүрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, жаңы базарды мамлекет өзү куруп жатат.
Мамлекет башчысы буга чейин ири базарлардын ээлери менен жолугуп, соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү сунуштаганын айтты. Ал базар ээлеринин айрымдары ондогон жылдар ичинде ири киреше тапканына карабастан, жаңы соода жайларын курууга жетиштүү көңүл бурулбаганын белгиледи.
«Ушул алты жылда бир чарчы метр да курушкан жок. Азыр “Мадина” базары мамлекеттин көзөмөлүндө. Ээсине 4-5 жылдан кийин акчасын төлөп берерибизди айттык», — деди Садыр Жапаров.
Президент бул тууралуу Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү базарлар боюнча берилген суроого жооп берип жатып айтты.
Ошондой эле ал базар ээлери соода жайларына мындан ары да ээлик кылууну кааласа, соодагерлерге татыктуу шарттарды түзүп бериши керектигин белгиледи.