
.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Россиядан өлкөгө психотроптук заттарды ташып кирүү каналын аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Канал-Каспийский маяк» аттуу баңгизатка каршы операциянын алкагында Бишкек шаарында 1998-жылы туулган К.Б.Т. аттуу жаран посылка алып жаткан жеринен кармалган.
Посылканы тинтүү учурунда аба тазалагычтын ичинен 1 килограмм 64 грамм «Альфа-PVP» аттуу психотроптук зат табылып, алынган.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, шектүү төрт айдан бери психотроптук заттарды жашыруун жайгаштыруу жолу менен таратуу менен алектенип келген.
ИИМдин эсептөөсү боюнча, алынган заттарды мыйзамсыз сатуу 4 миллион 500 миң сомдон ашык киреше алып келиши мүмкүн болчу.
Учурда интернет-дүкөн «К» аркылуу иш алып барган баңгизат тобунун башка мүчөлөрүнүн өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.







