
.
Президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигинде санариптештирүү жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын айтып, министр Догдуркүл Кендирбаеванын ишине сын-пикирин билдирди. Бул тууралуу Базар-Коргондо президенттин катышуусунда өткөн кеңешмеде айтылды.
Мамлекет башчысы министрге катуу сөгүш берүүнү көздөп жатканын белгиледи.
Жолугушууда мектептин мурдагы директору адилетсиз айыпка жыгылганын айтып, өзүнүн жагдайын баяндаган. Анын айтымында, ал иш жүзүндө иштебеген адамдарга айлык чегерген деген айып менен жоопкерчиликке тартылып, кийин жетекчилик кызматтарда иштөө укугунан ажыраган.
Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мурдагы директор мектепти жетектеп турганда билими жок, мурда соттолгон күйөөсүн жумушка алганын билдиришкен. Ошондой эле Россияда иштеп жүргөн адамдар мектептин штатына киргизилип, аларга айлык эсептелгени айтылган. Бул адамдар иш боюнча күбө катары көрсөтмө беришкен.
Президент бул окуяны мисал келтирип, министрликтеги санариптештирүүнүн абалына нааразычылыгын билдирди.
«Силер санариптештирүүдө дээрлик нөл экенсиңер. Дагы эле илгеркидей кагаз менен иштейт экенсиңер. Кайсы районго, кайсы мектепке канча китеп кеткенин да билбейсиңер. Министр азыр иш сапарда жүрөт. Республикалык кеңешмеде ага катуу сөгүш берейин дегем. Эгер толук санариптештирүү болгондо, мындай мыйзам бузууларга жол берилмек эмес», — деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы окуу китептерин бөлүштүрүүдө көзөмөл жетишсиз экенин белгиледи. Анын маалыматына караганда, Нарын облусуна жөнөтүлгөн 15 миң китептин 5 миңи гана мектептерге таратылган. Калган 10 миң китеп кампада сакталып турат.



