
.
Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү тургун президент менен жолугушууда мамлекет башчысынын кабыл алуусуна үч жолу кирүүгө аракет кылып, кире албай койгонуна даттанды. Ал УКМКнын облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жакын кызматкерлер адамдарды мыйзамсыз кармап, алардан мамлекеттин пайдасына деп акча алышканын билдирди. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай квитанция же соттун чечими берилген эмес.
Жапаров күч түзүмдөрүнө маселени териштирүүнү тапшырды."Көйгөйү бар ар бир адамды кабыл ала албайм. Менин иш графигим бар. 24 сааттын төрт саатын гана уктап, калган убактымды ишке жумшайм", — деди президент.



