
.
Жогорку Кеңештин депутаттары ажырашкан жубайлардын турак жай маселесин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорун сунушташты.
Демилгеге ылайык, сот турак жайдын ээсин мурдагы жубайына белгилүү мөөнөткө жашай турган жай берүүгө же башка батирдин ижара акысын төлөп берүүгө милдеттендире алат. Мындай чечим кабыл алууда тараптардын материалдык абалы, үй-бүлөлүк жагдайы жана турак жай шарттары эске алынат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери ажырашкандан кийин балдар көбүнчө энеси менен каларын, бирок айрым учурларда аялдар балдары менен бирге жашай турган жайсыз калып жатканын белгилешкен. Учурда мындай жагдайларды жөнгө салган так ченем мыйзамдарда каралган эмес.
Депутаттар сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ажырашкандан кийин балдары менен турак жайсыз калган жарандардын укуктарын коргоого багытталганын белгилешүүдө.



