
.
Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы аянтта 23-октябрда «АгроТехЭкспо – 2026» айыл чарба көргөзмөсү жана «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси башталды. Иш-чара 25-октябрга чейин уланат.
Көргөзмөгө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган министрликтин жетекчилиги жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев барышты. Алар көргөзмө менен таанышып, андан соң Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр Эрлист Акунбеков дыйкан-фермерлерди 20-октябрь — Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, тармактын өнүгүшүнө салым кошкон адистерге Министрлер Кабинетинин жана министрликтин сыйлыктарын тапшырды.
Көргөзмөдө эмне көрсөтүлүүдө?
«АгроТехЭкспо – 2026» иш-чарасынын негизги максаты — ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, заманбап технологияларды жайылтуу, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана фермерлер менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүү.
Көргөзмөдө айыл чарбасында колдонулуучу инновациялык технологиялар, кыргыз спутнигинин прототиби, заманбап дрондор, асыл тукум малдар, балык чарбасынын жетишкендиктери жана органикалык азыктар көрсөтүлүүдө. Ошондой эле фермерлерди колдоо программалары тууралуу маалымат берилип жатат.
Анын ичинде айыл чарба жерлерине спутник аркылуу мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү, жаан-чачын чакырууга багытталган технологиялар жана жайыттардын абалын аныктоочу мультиспектралдык дрон тааныштырылууда.
Мындан тышкары, швиц, симментал, абердин-ангус породасындагы уйлар, гисар койлору жана арашан сыяктуу асыл тукум малдар көрсөтүлүүдө. Балык өстүрүү жана ата мекендик балык чарбасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө да көңүл бурулган.
Азык-түлүктөр социалдык баада сатылууда
«Алтын күз» жарманкесинде фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз керектөөчүлөргө сунушташууда.
Шаар тургундары үчүн атайын фудтрактар уюштурулуп, сөөктүү уй этинин бир килограммы 680 сомдон сатылууда.
Фермерлерге санариптик кызматтар жана жеңилдетилген лизинг сунушталууда
Көргөзмөнүн алкагында фермерлер үчүн иштелип чыккан iDiykan санариптик платформасынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүүдө. Келгендер платформага катталып, дыйкандарга арналган санариптик кызматтар тууралуу маалымат ала алышат. Алгачкы 100 катталуучуга белектер берилери белгиленген.
Ошондой эле «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу сунушталган жеңилдетилген лизинг жана каржылоо программалары боюнча консультациялар өткөрүлүүдө. Фермерлерге 3 жана 6 пайыздык программалардын шарттары түшүндүрүлүүдө.
Мындан тышкары, көргөзмөдө түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча тажрыйбалар, фермерлердин жетишкендиктери жана заманбап агротехнологиялар талкууланууда.
«АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси 25-октябрга чейин Т. Усубалиев атындагы аянтта күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин өтөт.



