
.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Жаңы күч» фракциясынын мүчөсү Таалайбек Жакыпов алдамчылыкка шектелип кармалды. Октябрь райондук соту аны үй камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы 24-октябрда «Азаттыкка» билдирген.
Маалыматка ылайык, депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү боюнча айып тагылган.
Соттун чечими менен Жакыпов кечки саат 22:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин үйүндө болууга, тергөө же сот органдары чакырганда келүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле ага тиешелүү органдардын уруксатысыз Бишкек шаарынан чыгууга тыюу салынды.
Бөгөт чарасы 22-октябрда каралган. Сот мындай чечимди жабырлануучунун каршы арызынын негизинде, ошондой эле шектүүнүн өздүгүн жана жашаган жерин тактоону эске алуу менен кабыл алган.
Таалайбек Жакыпов өзү, анын жакындары жана жактоочусу бул иш боюнча комментарий беришкен жок.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда Бишкек шаардык кеңешиндеги 51 орун үчүн «Жаңы күч», «Эмгек», «Адилет», «Ынтымак» жана «Эл үмүтү» партиялары шайлоо босогосунан өткөн.



