
.
Видео социалдык тармактарда тараган. Анда капюшон кийген бала өспүрүмдү таяк менен чаап, жерге жыгып алып тепкилеп жатканын көрүүгө болот.
Милиция видеодогу өспүрүмдөрдү аныктап, "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Экөө тең 16 жашта, алар милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабыркаган баланын атасы күнөөлүүлөргө чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.