
Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында кошумча 222,5 миллион сом бөлүү сунушталууда. Бул тууралуу тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылганы маалым болду.
Документке ылайык, каражатты 2027–2028-жылдары бөлүү пландалууда. Анын ичинен 2027-жылы 112,2 миллион сом, 2028-жылы 110,2 миллион сом жумшоо каралган. Бул каражат бөлүнсө, мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын жалпы бюджети 354,6 миллион сомдон 577,1 миллион сомго чейин көбөйөт.
Кошумча каржылоонун эсебинен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Алардын бири — байыркы кыргыз руникалык жазуусун үйрөтүүгө багытталган «Битикчи» мобилдик тиркемеси. Анда оюн түрүндөгү машыгуулар, жазууну кириллицага которуу жана руникалык тамгалар менен кат алышуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн «Сен мыктысың» теледолбоорун даярдоо сунушталууда. Анын максаты — кыргыз тилин мыкты билген таланттуу балдарды таанытуу менен бирге алардын сөз байлыгын жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.
Мындан тышкары, 10 мүнөттөн турган 16 жомок сериясын жана анимациялык тасмаларды тартуу, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилине которуу пландалууда.
Долбоордун алкагында Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков жана башка кыргыз классиктеринин чыгармаларынын негизинде «Улуттук адабият үнү» аттуу аудиокитептердин санарип коллекциясын түзүү да каралган.
Мындан сырткары, бала бакчалар үчүн 60 миңге жакын өнүктүрүүчү китеп чыгаруу сунушталууда.
Токтом долбоору азырынча коомдук талкууда. Демек, көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүү жана пландалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар акыркы чечим кабыл алынгандан кийин аныкталат.