
.
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө. Акыркы аптада өлкө боюнча 8,3 миң учур катталып, бул көрсөткүч мурунку жумага салыштырмалуу 9%га көбөйгөн.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, учурда өлкөдө риновирус, респиратордук-синцитиалдык вирус (РС-вирус), метапневмовирус, аденовирус, парагрипп жана А, В тибиндеги сасык тумоо вирустары жайылууда.
Мындан тышкары, COVID-19 инфекциясын жуктуруунун айрым учурлары да катталууда.