
.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өткөн кезектеги жыйында «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими кабыл алынды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыйындын башында Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун алдыдагы беш жылга белгилеген стратегиялык милдеттерине токтолду. Ал мамлекет башчысы аныктаган артыкчылыктуу багыттар боюнча тапшырмалар так жана өз убагында аткарылышы керектигин белгиледи.
Бул ирет министрлер кабинетинин күн тартибине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдында «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү маселеси киргизилди.
Тиешелүү токтомдун долбоору боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баяндама жасады. Ал жаңы ишкананы түзүү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле бул тармактагы ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө багытталганын билдирди.
Талкуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин мүчөлөрү мамлекеттик ишкананы түзүү боюнча чечим кабыл алышты. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. Ал алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так иш планын иштеп чыгууну, суу менен камсыздоо объекттеринин курулушуна бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды.
Мындан тышкары, курулуш иштеринин сапатын, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.