
.
Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүү боюнча бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмү төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы №505 токтому менен киргизилген.
Жаңы тартипке ылайык, накталай эмес эсептешүүдө жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго чейин кыскарды. Башка жеке жактардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн төлөм 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлдү.
Накталай эсептешүүдө да мамлекеттик алымдар азайтылды. Тактап айтканда, жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн төлөм 10 000 сомдон 3 000 сомго, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 5 000 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 50 000 сомдон 10 000 сомго чейин кыскарды.
Мындан тышкары, юридикалык жак катышкан учурда нотариалдык буйрук берүү үчүн алынуучу алым өндүрүлүүчү сумманын 1 пайызын түзөт. Бул төлөмдүн өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.