
.
Ханэл Бешболушович Жоробаев дайынсыз болууда. Анын атасы уулун издөөгө көмөктөшүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирип, коомчулуктан жардам сурады.
Атасынын айтымында, уулун издөө иштери күнү-түнү уланууда. Бул иштерге ички иштер органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар, кинологдор жана кайдыгер карабаган жарандар катышып жатышат.
Ал уулун табууга көмөк көрсөткөн Ички иштер министрлигине, шаардык жана райондук милиция кызматкерлерине, диний ишмерлерге, коомдук уюмдарга, блогерлерге жана издөөгө катышып жаткан бардык жарандарга ыраазычылык билдирди.
«Сиздердин ар бир кылган кызматыңыздар, издеп баскан кадамыңыздар биз үчүн өтө баалуу. Дуба-тилектерди токтотпой, колуңуздардан келишинче жардам берип туруңуздарды суранабыз. Уулубуз аман-эсен табылып, жакшылыкта көрүшөлү!» — деп жазды атасы.
Ханэл Жоробаев тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот:
Жакындары жарандардан маалыматты бөлүшүп, Ханэлди табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүшөт.