
.
Ички иштер министрлиги жарандарды жеке маалыматтарын жана социалдык тармактардагы аккаунттарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны иштетүүгө чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эки факторлуу аутентификация — аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары кошумча ырастоону талап кылган коопсуздук чарасы. Ал үчүн атайын тиркеме же бир жолку код колдонулат.
Бул функция сыр сөз башка адамдардын колуна түшүп калган учурда да аккаунттун бузулуу коркунучун азайтууга жардам берет.
ИИМ эки факторлуу аутентификацияны иштетүү үчүн аккаунттун коопсуздук жөндөөлөрүнө кирип, «Эки факторлуу аутентификация» же «Эки этаптуу текшерүү» бөлүмүн тандоо керектигин эскертти. Андан соң ырастоонун ыңгайлуу ыкмасын тандап, көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
Мындан тышкары, министрлик жарандарга ар бир аккаунт үчүн өзүнчө татаал сыр сөз колдонууну, ырастоо коддорун эч кимге бербөөнү жана аккаунтка кирген түзмөктөрдү такай текшерип турууну сунуштады.
ИИМдин белгилешинче, бул жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоо жеке маалыматтарды коргоого жана интернеттеги алдамчылыктын алдын алууга жардам берет.