
.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, тармактык мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын өкүлдөрү катышты.
Отурумда 2026-жылдын тогуз айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышынын жыйынтыктары чыгарылып, кеңештин буга чейинки жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды.
Ошондой эле ата мекендик анимацияны, дубляжды жана балдарга арналган улуттук контентти өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Улан Маматканов ата мекендик киноиндустрияны системалуу өнүктүрүү, тартылып жаткан тасмалардын сапатын жогорулатуу жана чыгармачыл ишмерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кыргыз киносунун эл аралык аренадагы ордун бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Жыйындын соңунда тармакты өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.