
.
Колумбиялык ырчы Шакира Кыргызстандагы концертинен кийин күйөрмандарына ыраазычылык билдирген постун жарыялады.
«Кыргызстанды жана анын элин жакшы көрүп калдым. Укмуштуудай шоу үчүн рахмат!» — деп жазган ырчы Instagram баракчасында. Ал билдирүүсүнө кызгылт жүрөкчө белгисин кошкон.
Шакира постуна Бишкектеги концерттен тартылган сүрөттөрдү жана видеолорду да жайгаштырган.
Эске салсак, ырчынын концерти 18-октябрда Бишкек шаарындагы «Бишкек Аренада» өткөн. Маалыматка караганда, шоуга 33 өлкөдөн көрүүчүлөр келишкен.